Евразия экономикалык биримдигинде 2022-жылдын 6 айында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси өсүш көрсөттү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Белгиленгендей, баанын өсүшү Беларуста (12,8%) жана Казакстанда (8,5%) катталса, Арменияда баанын 7,6%га төмөндөшү катталган.
Өз кезегинде Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси тиешелүү мезгилде 0,2%га өскөн.
Кошумчалай кетсек, бул мезгилде бардык мүчө-мамлекеттерде мал чарба продукцияларына баа жогорулаган, баанын эң чоң өсүшү Арменияда (12,4%га) жана Беларуста (11,8%ке) катталган.