Евразия экономикалык комиссиянын соода саясат департаментинин директорунну орун басары болуп Нүргүл Айтбаева дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында айтылат.
Нүргүл Талгатовна Айтбаева 2010-жылы Евразия улуттук университетинин «эл аралык укук» бөлүмүн аяктаган, 2019-жылы Барселона университетинин «эл аралык экономикалык укук жана саясат» адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
2020-жылы Астана шаарындагы ААК «Соода саясатын өнүктүрүү Борборунда» ассистенттен тарта долбоорлордун жетекчиси болуп иштеген.
Кошумчалай кетсек, 2019-жылы Дүйнөлүк соода уюм жана соода-экономикалык кызматташтык долбоорлорунун жетекчиси болуп дайындалган.