Быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанга акча которуу системасы аркылуу жеке жактардан 298,1 миллион доллар түшкөн, бул 2022-жылдын ушул айларына салыштырмалуу 18,2% аз. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.
Анын ичинен февраль айында 151,4 миллион доллар Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн, башкача айтканда, январь айына карата 4,7 миллион долларга өсүш белгиленген. Трансферттердин өсүшү алардын жалпы көлөмүнүн дээрлик 91%ын түзгөн Россиядан көбөйүшү менен камсыз кылынат. Алсак, февраль айында Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына тез которуу системалары аркылуу 137,3 миллион доллар келип түшкөн, бул январь айына салыштырмалуу 5,8 миллион долларга көп.
Мында алыскы чет өлкөлөрдөн трансферттердин кыскарышы байкалган. Эгерде январь айында ал жактан которуулар 11,4 миллион долларды түзсө, февраль айында 9,2 миллион долларды түздү. Төмөндөө алардын АКШдан (-500 миң доллар) жана Түркиядан (-900 миң доллар) кыскарышына байланыштуу.