Быйыл февраль айында ЕАЭБде саламаттыкты сактоо кызматтары январь айына салыштырмалуу 1,2%га, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 2,3%га өскөн. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Ага ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы Кыргызстанда эң көп кымбаттаган. Январь айына салыштырмалуу баалар дароо 16,4%, декабрь айына салыштырмалуу 18% көтөрүлгөн.
Белгилей кетсек, ЕАЭБдин бир дагы өлкөсүндө мындай күчтүү өсүш болгон эмес. Алсак, Арменияда кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 3,6%га (февралдан январга чейин), Казакстанда – 1,5%га, Белоруссия менен Россияда – 0,4%га өскөн.
Ошол эле учурда, Кыргызстанда ЕАЭБдеги курорттордун жана ден- соолукту чыңдоочу мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркынын эң жогорку өсүшү да катталган.