"ФинансКредитБанк" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болгонун банктан билдиришти.
21-сентябрда банктын директорлор кеңешинин кезектеги жыйынында директорлор кеңешинин мүчөсү Эрнис кызы Алиманы кызматтан алуу чечими кабыл алынды.
Ошондой эле, Т. Т. Мажинов башкармалыктын төрагасынын орун басарлыгына дайындалды.