Адилет Дубанаев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары башкармалыктын жамаатына тааныштырылды. Ал салык процедураларын санариптештирүү маселелерин көзөмөлдөйт.
Дубанаев буга чейин өкмөттүк аппараттын экономика жана каржы бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы кызматын ээлеп келген.
Мындан тышкары, мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары салык жана бажы администрациясын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин мүчөсү экендигин кошумчалайбыз.