Ушул жылдын июль айында жылдык инфляция 13,6 пайызды (2022-жылдын июнунда – 13,1 пайыз) түздү. Бул тууралуу Улуттун банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баанын өсүшү инфляциянын бардык компоненттери боюнча байкалууда. Азык-түлүк товарларына баанын бүткүл дүйнөлүк өсүшү жана суроо-талаптын акырындык менен калыбына келе башташы өлкөдө инфляцияга тиешелүү факторлордун негизгилеринен бойдон калууда.
Муну менен бирге Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги индикаторлору оӊ динамиканы көрсөтүүдө. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ИДӨ өсүш арымы 6,3 пайызды түздү (“Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда – 3,9 пайыз). Өсүштүн кыйла жогорку арымы өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорунда байкалды.
Белгилеп кетсек, апрель айында жылдык инфляция 14,5%га жетип, андан кийин май айында 14%га, июнда 13,1%га чейин төмөндөдү.