Жогорку Кеңешке бөлүнгөн каражат 1,5 млн долларга чейин көбөйгөн

20.07.2023, 09:25 Акчабар
Жогорку Кеңешке бөлүнгөн каражат 1,5 млн долларга чейин көбөйгөн

Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин июнь айына карата бюджетин тактап, бюджеттен бөлүнгөн каражатты дээрлик эки эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу кассалык пландын отчетунда жазылган. 

Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги июнда Жогорку Кеңешке 74,8 млн сом бөлүнгөнүн жазган, ага кийинчерээк дагы 50 млн сом кошулган. 

Ошентип, июнь айында Жогорку Кеңешке түшкөн каражат 129 млн 309,7 миң сом, же 1 млн 471,6 миң доллар болгон. 

Белгилеп кетсек, каржылоо эмне себептен көбөйгөндүгү айтылган эмес. Кошумча чыгымдар депутаттарга жана башка парламент кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө байланыштуу экенин божомолдосок болот. Бирок, бул эмне үчүн 50 млн доллар баштапкы планга киргизилбегенин түшүндүрбөйт.

 

Тэги: новости Кыргызстана деньги бюджет Жогорку Кенеш расходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу