Казакстандын Улуттук банкы Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 20 миң теңгелик юбилейлик банкнотту жүгүртүүгө чыгарат. Ал Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Tengrinews жазды.
Казакстанда буга чейин 20 миң теңгелик банкнот болгон. Эки банкнот тең жүгүртүүдө болот. Ошондой эле Казакстанда Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн банкнот бар. Учурда экс-президенттин 10 миң теңгелик биринчи банкноту 2016-жылы Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата чыгарылган.
Басылманын билдиришинче, жаңы юбилейлик банкноттор жүгүртүүгө экинчи даражадагы банктар жана "Казпочта" ААК аркылуу чыгат. Алдын ала маалыматтар боюнча, банкноттор ушул жылдын декабрынын биринчи декадасында жүгүртүүгө чыгат. Анын тиражы 3 миллион болот.