2020-жылдын 1-январындагы «KICB Банктын» директорлор кеңешинин чечими менен, банк башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп, Алиев Бектур Кубанычбекович дайындалды. Ал эми буга чейин бул кызматта эмгектенген Кванг Янг Чой 2019-жылдын 31-декабрынан тарта ардактуу эс алууга чыгат. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирет.
Буга чейин Алиев Бектур чекене иш башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.