КР Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 10 ай ичинде салык отчетторун тапшырбаган 14 миң ишкананы издеп тапты. Анын ичинен 6 миң 102 юридикалык жактар, 6 миң 655 индивидуалдуу ишкерлер жана 1.4 миң чарба дыйкандары болгон. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет.
Андан сырткары, салык кызматынын каттоосунан өтпөгөн 6 миң 689 субъекти дагы изделген. Анын ичинен 1.8 миң юридикалык жактар, 3.6 миң индивидуалдуу ишкерлер жана 1.1 миң чарба дыйкандары болгон.
2019-жылдын 1-ноябрдагы жыйынтыгы менен салык кызматында болгону 750 миң салык төлөөчү бар.