Кыргызстанда бир грамм куйма алтындын 2-апрелге карата баасы 5 миң 651 сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.
Белгилей кетсек, 1-февралга карата 1 грамм алтындын баасы 5 миң 32 сомду түзгөн. 2020-жылдын январь айындагы баасы 5 миң сомдон ашкан эмес. Өткөн жылы 1 грамм алтындын баасы 4 миң 960.5 сомдон ашкан эмес.
2018-жылдын 4-февралынан трата 2019-жылдын 1-февралына чейин 1 грамм алтындын баасы 8.3 долларга (582 сом) кымбаттаган. Пайыздык чен менен алганда 13.1% түзгөн.