Кыргызстан негизги азыктарды жана мал жандыктарын импорттоодо КНСтин ставкасын нөлгө түшүрүүнү каалайт

08.06.2021, 12:00 Акчабар
Кыргызстан негизги азыктарды жана мал жандыктарын импорттоодо КНСтин ставкасын нөлгө түшүрүүнү каалайт

Кыргызстан шекердин, өсүмдүк майынын жана мал жандыктарын импортуна кошумча нарк салыктын ставкасын убактылуу нөлгө түшүргүсү келет. Мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтына жарыяланган.

КНСтин нөлдүк ставкасын 2021-жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин белгилөө сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, мындай чара азык-түлүк рыногундагы бааларды турукташтырууга жана республикага шекер, өсүмдүк майын жана мал чарбасын импорттогон ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө жардам берет.

Бийлик бул иш-чара өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт деп ишендирүүдө.

Тэги: НДС продовольственная корзина сахар ввоз скота экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу