Кыргызстанда 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүлүүдө

25.03.2024, 14:37 Акчабар
Кыргызстанда 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык көрүлүүдө

Министрлер кабинети 2025-жылы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду. 

 Айыл чарба каттоосу айыл чарбасынын түзүмү жөнүндө сандык маалыматтарды чогултуу боюнча масштабдуу мезгилдүү статистикалык операция жана азык-түлүк жана экономиканын агрардык секторун өнүктүрүү жаатындагы маалыматтардын негизги булактарынын бири болуп саналат. 

Каттоонун негизги максаты эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу. 

Кзектеги айыл чарба каттоосу 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки мезгилге пландаштырылган, мында малдын жана үй канаттууларынын санын бир жолку өткөрүү жана кайра санап чыгуу каралган. 

2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо аймагында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Краснореченский жана Милянфан айыл аймактарында сыноо катарында каттоону өткөрүү пландалууда.

Тэги: новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу