4-5 октябрда Кыргызстанда эл аралык “Борбордук Азиядагы санариптик өзгөрүш” аталыштагы конференция өтөт. Иш-чарага 12 өлкөнүн 100 технология жаатындагы эксперттери келиши күтүлүүдө. Конференцияны Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш , Орта Азия университети, бийик технологиялар паркы уюштурат.
Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жана Орто Азия, башка мамлекеттердин уюмдарынын жетекчилери катышышат. Бул иш-чара катышуучулар бири-бири менен тажрыйба алмашууга жана мындан аркы бирге кызматташууга чоң өбөлгө түзмөкчү.
Орто Азия университетинин маалымат технология бөлүмүнүн директору Шаукат Али Хан билдиргендей, бул иш-чара технология жаатындагы лидерлер үчүн тажрыйба бөлүшүүгө жана санариптештирүү жаатында бирге кызматташууга жол ачат.