Бишкектеги «ЭкоИсламикБанкты» тоногон делген шектүү топ аныкталды. Бул тууралуу пресс-конференцияда Бишкек ИИБнин башчысы Канат Жумагазиев билдирди.
Анын айтымында, тергөө тобу түзүлүп, шектүүлөр аныкталган. Калган маалыматты Жумагазиев кийинчерээк берүүнү убадалады.
Эске сала кетсек, 26-ноябрда Бишкекте ЖАК «ЭкоИсламикБанктын» Юнусалиев жана Сухэ Батор көчөсүндө жайгашкан филиалын эртең мененки саат 08:00 тоноп кетишкен.