«Балага сүйүнчү» алуучулардын саны 32,9%га көбөйдү

20.04.2023, 09:32 Акчабар
«Балага сүйүнчү» алуучулардын саны 32,9%га көбөйдү

Үч айдын ичинде бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул алгандардын саны 43,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.

Ведомство эскерткендей, "Балага сүйүнчү" жөлөк пулу бардык төрөлгөн ымыркайларга туулган жерине карабастан 4000 сомдон бир өлчөмдө дайындалат.

Мындан тышкары, үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку "Балага сүйүнчү" берилет.

Отчеттук мезгилде жөлөк пулдун бул түрүн 22 адам алган. "Балага сүйүнчү" жөлөк пулу үчүн республикалык бюджеттен 175,7 млн ​​сом которулган.

Тэги: экономика новости Кыргызстана балага сүйүнчү пособия Минсоцтруда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу