КР Өкмөтү региондордо ишкерлерди тейлөө борборун ачууну пландоодо. Долбоор ишкерлерди колдоо, жетиштүү маалымат берүү жана бизнес боюнча суроолорго жооп берүү максатын ишке ашырат деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ишкерлери бул кызмат менен колдоно башташкан. Бул демилгенин башкы максаты - ишкерлердин дараметин колдоо жана бекемдөө болуп эсептелет.
Мындан тышкары ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетип жаткан ишканалардын субъектилери (подакциздик товарлардын тобунан тышкары) КНСти 80% азайтуу менен төлөшөт.
Аймактык долбоорлорго жана субъекттерге инвестициялардын агымын тартуу максатында жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулар каралган. Алар – мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар.