Энергетиктер менен чиновниктер электр энергияга болгон баа социалдык тариф деп айтып келишет. Өлкөдө байлар дагы – кедейлер дагы – баардыгы электр энергиянын 1 кВт 0.77 сомдон бирдей бааны төлөп келишет. Айына 700 кВт ашып кеткенде, баанын өзгөрүшү – бул социалдык мамиле эмес, деп билдирди ЖК депутаты Экмат Байбакпаев.
Эл өкүлү социалдык тарифти аз камсыз болгон жарандар үчүн колдонууну сунуштады.
Андан сырткары, депутат аз камсыз болгон абонентке “акылдуу” эсептегичти коюп, жекече энергокарталарды берүү керек. Ушундай кадам менен мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдойт. Калган абоненттер үчүн тариф кВт 2.16 сом болсун деп билдирди.
“Тарифти көтөрөөрдөн мурун, бардык энергокомпанияларды бир энергохолдингке бириктирип, ыкчам башкарууга бардык энергетика каражаттарын берүү керек”, - деп кошумчалады.