Кыргызстандагы ар бир үчүнчү бала толук кандуу эмес үй-бүлөдө өсүп жатат. Алимент төлөбөгөн 40.5 миң жаран катталган. Ар бир сот аткаруучуга алимент боюнча 700дөн иш туура келет. Бул тууралуу 27-ноябрда ЖК депутаттар тарабынан «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору» каралып жатканда айтылды.
Долбоордун демилгечилери алименттин минималдуу көлөмүн 1.8 миң сом болуусун сунушташууда.
«2018-жылы алимент төлөбөгөндөрдүн үстүнөн 11.7 миң арыз келип түшкөн. Мунун ичинде 2017-жылы түшкөн арыздар дагы бар. Учурда сот аткаруучуларда алиментке карызы бар 40.6 миң иш жатат», — деп билдиришти мыйзам долбоордун демилгечилери.