Президент ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды

18.02.2020, 11:20 Акчабар
Президент ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды

Президент укук коргоо органдарынын ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербөөнү тапшырды. Бул тууралуу 2020-жылдын 24-январындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин ишке ашырылышын талкуу учурунда билдирди. 

Президент  Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук Кеңешине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Комитетинин экинчи жыйынынын алкагындагы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер өлкөнүн бизнес-чөйрөсүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөргөнүнө токтолду.

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, бизнес тараптан күтүлгөндөй жигердүүлүк байкалбаганын, бул укук коргоо жана текшерүүчү органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн жана кысым көрсөтүүлөрдүн дагы эле болуп жатканы менен да шартталарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары менен көзөмөл органдары ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча фактылар аныкталса, тиешелүү чараларды көрүүлөрү керектигин кошумчалады.


 

Тэги: Совбез антикоррупционный счет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу