Кыргызстанда 2018 – жылы пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 760 сомду түзүп, 1.3 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
КР Социалдык фондунда ж.б. министрлик, бөлүмдөрдө 2018 – жылдын жыйынтыгы менен 694.8 миң пенсионерлер катталган. Анын ичинен 510.8 миң же 74% адам пенсияны жаш курагы менен алгандар түзгөн.
«Кыргызстанда 2019 – жылдын башында иштөө жаш курагынан жогору катталган 500 миң жаран катталган. Бул ар бир сегизинчи кыргызстандык дегенди билдирет. 63 жаштан жогору эркектер 150 миң, 58 жаштан жогору аялдардын саны – 349 миң адам болгон. Муну менен катар катталган аялдардын саны эркектерден 200 миңге көп болгон», - деп маалымдайт статистикалык комитет.
Мунун менен катар, эмгек жарамдуулугунан жаш курагы өйдө катталгандардын башкы бөлүгүн – аялдар тузөөрү белгилүү болду, мунун бирден бир себеби аялдар эркектерге караганда узак жашаары менен байланыштуу. 2018 – жылы эркектердин өмүр узактыгы 67.4 жашка чейин, ал эми аялдардыкы – 75.6 жаш болоору аныкталган. Эркектердин өлүмү – аялдардыкына салыштырмалуу 1.5 эсеге көп катталат.
Пенсиялык куракка чейин жашоо аялдардыкы – 90%, эркектердики – 70% түзөт.