Кыргызстанда 2023-жылдын январынан ноябрына чейин 15 миң 275 тонна колбаса өндүрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш 10 миң 290 тоннадан 48,4%га өскөн.
Айта кетсек, колбасанын жалпы көлөмүнөн ноябрь айында 1,6 тоннасы өндүрүлгөн. Белгиленгендей, өткөн жылдын ноябрь айында өлкөдө 1,2 тонна колбаса азыктары өндүрүлгөн.