2008-жылы 1000 калкка 635 уюлдук телефон туура келсе, 2020-жылы уюлдук номерлердин саны 1 миң 102ге жетип, ушул мезгилде дээрлик 1,7 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2020-жылы байланыш кызматтарынын көлөмү 22 миллиарддан ашык сомду түздү. Мында уюлдук байланыш кызматтарынын үлүшү 47% дан ашык, Интернет каналдары менен камсыздоо кызматтары - 39% га жакын, эл аралык жана шаарлар аралык телефон байланыш - 1% жана шаардык кызматтар жана айылдык (жергиликтүү) телефон байланышы - 1,6%.
Салттуу үн байланышынын ыкмасын Интернет тиркемелери аркылуу маалыматтарды берүү менен алмаштыруу тенденциясы байкалууда.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, жалпысынан 2020-жылы ИДПнын жалпы көлөмүндө байланыш кызматтарынын үлүшү 2,7% ды түздү.