Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшерүүгө тыюу салынды

05.07.2021, 11:40 Акчабар
Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшерүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда укук коргоо органдары жүргүзгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Бул тууралуу "Акчабарга" документ менен тааныш өкмөттөгү булактарыбыз ​​билдирди.

Документке ылайык, убактылуу тыюу ушул жылдын 15-июнунан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкү текшерүүлөрдөн тышкары болот:

  • жазык, жарандык жана административдик сот өндүрүшүнүн алкагында;
  • бажы көзөмөлү астында турган товарларга карата бажы кызматы тарабынан;
  • COVID-19 коронавирусунун Кыргыз Республикасында жайылышынын алдын алуу маселелери боюнча.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Тэги: ГЧП запрет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу