Айыл чарба министрлиги койдун "Арашан" деп аталган жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу мекеменин Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.
Асылдандыруу өткөн кылымдын 70-жылдарында, башкача айтканда, республикага гиссар койлору алынып келинген учурдан тартып башталган. "Арашан" породасындагы койлор ири жана ошондой эле эт-майлуу болушат. Мындан тышкары, алар альп жана өрөөн шарттарында сактоого ылайыкташтырылган.
Учурда Кыргызстанда ушул тукумдагы 5 миңден ашуун кой бар. Белгиленгендей, козунун болжолдуу баасы 1000 доллар, ал эми кой 5000 доллар.