Президенттин “Кыргыз Республикасынын бюджеттик тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу жөнүндө” жарлыгына байланыштуу эмгек акыны жогорулатууга 32,2 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Эмгек акынын жогорулашы төмөнкүдөй болду:
Ошону менен бирге, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жылдык эмгек акысынын 80%ына чейин кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жогорулатуу чечими кабыл алынган.