Кыргызстанга республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 миллион 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди.
Министрлер кабинети Кытай тарапка COVID-19 вакцинасын сатып алууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 миллион 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 2 миллион 350 миң доза сатылып алынган.