Кыргызстанга беш мобилдик клиника келди

05.05.2021, 14:45 Акчабар
Кыргызстанга беш мобилдик клиника келди

Кыргызстан менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы келишимди ишке ашыруунун алкагында беш көчмө көп диагностикалык клиника келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда жетишилген келишимдерге ылайык, бул долбоордун негизги аткаруучусу калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн көчмө ооруканаларды жана клиникаларды даярдоо жаатында дүйнөлүк лидерлердин бири болгон NORMECA AS компаниясы болуп саналат.

Бул клиникалар Түркиядагы заводдордо даярдалган жана республиканын айылдарында жана алыскы аймактарында медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу