Мамлекеттик бажы кызматынын кыматкерлери 1 млн сом өлчөмүндөгү контрабанданы кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош облусунун А. Уулу З. аттуу жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 412 D» үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Текшерүү учурунда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 3 543.96 килограмм болгон порфюмердик буюмдар табылган.
Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Кармалган товардын жалпы наркы 986 832 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.