Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы 25-апрелде «Чоң-Капка автожол» өткөрмөсүндө 28 тонна катталбаган мунай затын алып өтүүгө аракет жасалган.
Машина Казахстан тараптан бензол деген документ менен бензинди өткөрүүгө аракеттенген. Учурда айдоочу Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталып, ал мыйзамсыз жүк ташуу боюнча айыпталып, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына териштирүү аяктаганга чейин унаасы менен өткөрүлүп берилген.
2019-жылдын 5-апрелинен 26-апрелге чейинки аралыкта чек ара кызматы «Чоң-Капка автожол» өтмөгү аркылуу 200 ашык тонна мунай зат ташууга аракет жасалган.
Учурда эксперттердин баасы боюнча Кыргызстанда жыл сайын 250-300 мин тонна мунай заттары мыйзамсыз ташылып келинет. Бул жалпы күйүүчү майдын 20% түзөт.