Кыргызстанга 23 тонна күрүчтү мыйзамсыз алып кирүү аракети катталды

19.08.2021, 12:54 Акчабар
Кыргызстанга 23 тонна күрүчтү мыйзамсыз алып кирүү аракети катталды

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактыларына бөгөт коюу иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусунун ыкчам бажысынын кызматкерлери DAF автоунаасын кармашты. Текшерүү учурунда "Лазер" маркасындагы ак күрүч табылган.

Күрүчтүн жалпы салмагы 23 тоннаны түзүп, 2,3 миллион сомго бааланды. Товар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен кошуна мамлекеттен алынып келинген.

"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, анда тергөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке жалпы суммасы 539 миң 350 сомдук материалдык зыян кайтарылган", - деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматы.

 

Тэги: рис контрабанда ущерб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу