Ушул жылдын январь-май айларында ЕАЭБде өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баасы төмөндөгөн. Төмөндөө 6,8% түздү.
Бирок бул статистикага Россияда (-7,8%), Казакстанда (-2,1%) жана Арменияда (-1,6%) олуттуу төмөндөө таасир эткен. Кыргызстанда алар тескерисинче 3,5%га өскөн. Беларуста да өсүш 8,5%га белгиленди.
Тактап айтканда, Кыргызстанда тоо-кен тармагында баа 9,6%, кайра иштетүү өнөр жайында 2,5%, электр энергиясы 8,7% жана суу 5,3%га кымбаттады.