Кыргызстанда январь-июнь айларында дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 280.7 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га өстү.
Январь-июнь айларында январь-майга салыштырмалуу көрсөткүч 27,2%га, же 78,4 млрд сомго көбөйгөн.
Кошумчаласак, 2022-жылдын январь-июнь айларында 2021-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы жүгүртүүсүнүн өсүшү республиканын бардык аймагында белгиленген.