WebMoney Kazakhstan ТОО «Гермес Гарант Групп» эл аралык электрондук акча тутумунун оператору Улуттук банктан каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Муну менен катар, WebMoney Kazakhstan ТОО КР УБ каттоодон өткөн жетинчи эл аралык электрондук каражаты болуп калды.
Учурда КР аймагында ишин жүргүзүп жаткан эл аралык электрондук тутум каражаттары төмөнкүлөр:
- Орусиянын РНКО «Төлөө борбору», 2016 - жылдан баштап;
- Казакстандын TOO W1 Kazakhstan, 2017 - жылдан баштап;
- Казакстандын ТОО Allpay, 2017 - жылдан тарта;
- Орусиянын «КИВИ Банкы», 2018 - жылдан тарта;
- Грузиянын, ООО «И.МАРКЕТи», 2019-жылдан тарта;
- Казакстандын ТОО Innoforce systems, 2019 - жылдан тарта.
Тэги: электронные деньги Кыргызстан WebMoney Kazakhstan ТОО финансы