Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Бул өзгөртүүлөргө ылайык, эки тендер аркылуу сатып алуу мүмкүн болбосо, мамлекеттик органдарга бир булактан түз ыкма менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга уруксат берилет.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда сатып алуучу уюмдар тарабынан чыгашалардын ар бир статьясы боюнча электрондук каталог аркылуу сатып алуулардын чектик суммасын 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин жогорулатуу боюнча норма каралган.
Мында иштебеген/колдонулбай турган жана карама-каршылыктуу беренелер, ошондой эле татаал түшүнүксүз чечмелөөдөгү беренелер алынып салынган жана кайра каралып, эл аралык келишимдерге шайкеш келтирүү жүргүзүлгөн.