2024-жылдын январында керектөө насыялары боюнча орточо чен 23,10%ды түздү. Муну Кыргызстандын Улуттук банкынын статистикалык маалыматтары тастыктайт.
Ошентип, 2023-жылдын декабрынан тартып чен 0,06 пайыздык пунктка жогорулаган. Өткөн жылдын сентябрынан бери тарифтердин өсүү тенденциясы байкалууда.
Белгилеп кетсек, учурда керектөө насыялары боюнча чендер Кыргызcтанда эң жогору болуп саналат.