Былтыр, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында ЕАЭБде мал чарба өнүмдөрүн өндүрүүчү баалардын индекси 109,2% түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эттин кымбаттыгы боюнча алдыда турат.
Бирок сүт ЕАЭБде, тактап айтканда Кыргызстанда эң арзан баада сатылат.
“Демек, Кыргызстанда 1 тонна сүт 392 доллар турат. Казакстанда сүттүн баасы 402 доллар, Беларуста 481 долларга бааланат. Сүт эң кымбат Арменияда 535 доллар жана Россияда 562 долларга сатылат”,-деп белгиледи ЕЭК.