Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Документ туризм индустриясынын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туризм инфраструктурасын реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ата мекендик жана тышкы инвестицияларды тартуунун инструменттерин өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
Ал өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешти түзүүнү болжолдойт. Буга байланыштуу министрлер кабинетине белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” мамлекеттик мекемесин түзүү жана Туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.