Өлкөдө жумушсуздардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 5%га азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчүн тандоо изилдөөсүндө алынган маалыматтарга таянып билдирди.
Иликтөөлөргө ылайык, 2021-жылы 15 жана андан жогорку жаштагы жумушчу күчү 2,7 миллионго жакын адамды түздү, анын 2,5 миллиондон ашыгы иш менен камсыз болгон жана 142 миңден ашууну жумушсуздар.
“2020-жылга салыштырмалуу 15 жана андан жогорку жаштагы жумуш менен камсыз болгондордун саны дээрлик 4%га өстү, ал эми жумушсуздардын саны 5%га кыскарды. Экономикада иштегендердин жалпы санында иштеген эркектердин саны (1,6 миллион) иштеген аялдардын санынан (965 миң) ашты”, - деп билдирет Улуттук статистика комитет.
Жалпысынан калктын иш менен камсыз болуу деңгээли 57% түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка көп. Эркектер арасында жумуштуулук деңгээли аялдарга (42,4%) караганда жогору (72,5%).
Белгилеп кетсек, Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын жарымынан көбү (59%) жумушсуздукту өлкөнүн башкы көйгөйү деп эсептешет.