Кыргызстанда чөптүн баасы 21-июлга карата 320 сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-июлга карата бир таңгак чөптүн баасы 341 сомду түзүп, жума ичинде 6,9% га, же 21 сомго арзандады.
Чөпкө баалар ушул жылдын июнь айынын башында көтөрүлө баштаган. Эң олуттуу өсүш Чүй облусунда болуп, анда бир таңгак чөп бир жумада (7-июндан 14-июнга чейин) 1,6 эсеге, 160 сомдон 250 сомго чейин кымбаттаган болчу.