Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөргө карата талаптар күчөйт

29.06.2022, 10:20 Акчабар
Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөргө карата талаптар күчөйт

Экономика жана соода министрлиги алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

Түзөтүүлөрдү иштеп чыккан Экономика жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө алкоголдук продукциянын мыйзамсыз жүгүртүүсү учурда рыноктун 42,1%ын же 34 миллион 666 миң литрди түзөт.

Белгиленгендей, эсепке алынбаган алкоголдун негизги бөлүгү лицензиясы бар заводдордо өндүрүлүп, лицензиясы бар дүкөндөрдө сатылып жатат. Бирок, мамлекеттик органдар өндүрүүчүнү лицензиядан ажырата албайт, анткени мындай чечимди сот гана чыгарат жана процесстер жылдарга созулуп кетиши мүмкүн.

Эгерде өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, лицензияны кайра алуу укугусуз жокко чыгаруунун тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Мындан тышкары, Экономика министрлиги бир катар арак-шарап чыгаруучу заводдор документтерге ылайык, өндүрүштүк кубаттуулуктарын 50% да колдонбой, жылдан жылга декларациясына ылайык чыгаша менен иштеп жатканын белгилейт. Ошол эле учурда өндүрүштү жаппай, спирт ичимдиктерин чыгара беришет.

“Ушуга байланыштуу алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көмүскөдөн чыгаруу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу рычагдары керек. Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү боюнча негизги технологиялык жабдуулардын кубаттуулугу (өндүрүштүк кубаттуулук) жана өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануунун ченеми сыяктуу ченемдерди киргизүү сунушталууда”, — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Экономика министрлиги бул түзөтүүлөр кабыл алынса, мыйзамдуу өндүрүүчүлөрдүн арасында алкоголдук продукциянын көмүскө жүгүртүүсү кыскараарына ишенет, бул, албетте, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө тийиш. Ошол эле учурда агенттик сунушталып жаткан жөнгө салуу схемасы өндүрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратат деп күтүлүүдө.

Тэги: алкогольная промышленность алкоголь без лицензии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу