ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде 2023-жылы орточо номиналдык айлык жана реалдуу эмгек акы 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өстү.
Орточо айлык реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда (112,4%) жана Беларуста (111%) катталган.
“Орточо номиналдык айлык акы Арменияда – 270 миң армян драмы (688$), Беларуста – 1,9 миң беларус рубли (634$), Казакстанда – 360,8 миң (791$), Кыргызстанда – 33,3 миң сом (379$), Орусияда – 73,7 миң (871$) орус рубли болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.