Кыргызстанда бир жылдан бери орточо дан күрүч 41,41 сомго, же 47,13%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары тастыктайт.
Алсак, былтыр июнь айында күрүчтүн орточо баасы 87,01 сом деңгээлинде белгиленген. Быйыл июнь айында орточо баа 128,42 сомду түзгөн.
Кошумчалай кетсек, күрүчтүн баасы 2022-жылдын августунан тарта көтөрүлө баштаган.