Казакстан президент Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-казак индустриалдык соода-логистикалык комплексин “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Кара-Суу” (Казакстан) автожол өткөрмө пункттарынын аймагында курууга капсула салынды.
Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин кеңейтилген курамдагы жолугушуусунда жыйындын катышуучуларына аталган комплекстин курулушуна капсула салуу аземинен видеотасма көрсөтүлдү.
Капсула салуу аземи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри — соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун катышуусунда өтүп, алар мамлекет башчыларына комплекстин курулушу тууралуу белгиленген план боюнча отчет беришти.
Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында келечекте сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.