Май айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы 257,2 млн долларга өстү

13.07.2022, 10:13 Акчабар
Май айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы 257,2 млн долларга өстү

Май айында акча которуулардын агымы 257,2 миллион долларды түздү, бул апрель айына салыштырмалуу 2 миллион долларга көп. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Жалпы сумманын 245,6 миллион доллары Орусиядан, 200 миң доллары Казакстандан, 400 миң доллары КМШнын башка өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн жеке адамдар Кыргызстанга 10,9 млн доллар жөнөтүшкөн. Март жана апрель айларында КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн каражаттардын көлөмү олуттуу өскөндөн кийин (март айында 13,3 млн доллар, апрелде 12,4 млн доллар) май айында көлөмү которуулардын көлөмү төмөндөй баштады.

АКШдан 4,1 миллион доллар, Германиядан 400 миң доллар, Улуу Британиядан 200 миң доллар жана башка өлкөлөрдөн 6,2 миллион доллар которулган. Эске салсак, акча которуулардын агылып чыгуусу май айында да көбөйүп, 85,5 миллион долларды түзгөн.

Тэги: денежные переводы страны СНГ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу