“АБН” микрофинансылык компаниясы» ААКнын аткаруу органынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Алсак, 31-январда “АБН” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын төрагасы Тынар Мырзабекова менен башкармалыктын мүчөсү Гүлзат Кадырбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду.
Жаңы төрага болуп Улан Кожомуратов, анын орун басарлыгына Тынар Мырзабекова шайланды.
Кошумчалай кетсек, Улан Кожомуратовдун эмитенттин уставдык капиталындагы үлүшү 0%, Тынар Мырзабекованыкы 0,27%.