Өткөн жылдын ноябрь айында Россиядан Кыргызстанга 197.3 млн доллар которулган. 2020-жылдын 11 айында жалпысынан 2 млрд 122 млн доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Улуттук банк белгилеп өткөндөй, отчеттук мезгил убагында Кыргызстандагы акча которуулар 201.1 млн долларга жеткен, 11 айда сумманын көлөмү 2 млрд 160 млн долларды түзгөн.
Белгилей кетсек, 2020-жылы АКШдан которулган акчанын көлөмү 20.9 млн долларды, Казакстандан которулган акчанын көлөмү — 5.3 млн долларды түзгөн.