18-августта «Ош» Эл аралык аэропорту «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын Новосибирск-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Россиядан 181 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргызстандын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк - Сахалинск, Владивосток, Петропавловск -Камчат, Якутск ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.