Жогорку Кеңештин депутаты «Айыл Банкка» нааразы болду

17.06.2022, 13:43 Акчабар
Жогорку Кеңештин депутаты «Айыл Банкка» нааразы болду

Ош облусунда Россия Федерациясында эмгектенген мигранттар жакындарына бир нече миң доллар жөнөтүшкөн, бирок "Айыл Банк" аларга 500 доллардан ашык акчаны төмөнкү курста сом менен берген. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Улуттук банктын жетекчиси эч кандай чектөөлөр болбогонун билдирген.

"Доллар доллар, рубль рубль менен берилиши керек. Же Улуттук банктын төрагасы калп айттыбы?", - деди депутат.

"Айыл Банктын" төрагасынын орун басары Максат Эржанов бүгүнкү күндө эч кандай чектөөлөр жок экенин айтып, Ош облусундагы кырдаалды тактап берүүнү убадалады.

Анын айтымында, банкта мындай чектөөлөр жок.

 

Тэги: Айбек Осмонов Нацбанк КР Айыл Банк РСК Банк Максат Эржанов Кадырбек Букуев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу